Ысык-Көлдө туристик сезон ачылды.

13-майда Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке болуп өттү. Эки күн бою «Рух Ордо» маданий борборунда туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана туристтерди тейлөө тармагынын башка да өкүлдөрү конокторго өз кызматтары тууралуу маалымат беришет. Алардын катарында ден соолукту чындоо боюнча көп профилдуу «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясы болду.