Добро пожаловать в один из лучших санаториев Иссык-Кульского побережья - города Чолпон-Ата - санаторий «Голубой Иссык-Куль»

+ 996 3943 62780 г. Чолпон-Ата, ул. Советская, 3В

«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына Монголиядан эс алуучулар келе баштады.

Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Соднома мырза «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына келип, анын жетекчиси Лира Батыралиева менен баарлашып, санаториядагы шарттар менен кенири таанышып кеткен. Ал санаториядагы ири масштабдагы дарылоо ыкмаларын жана эс алуу тараптарын көрүп өтө жактырган. Андан сон дарылоо мекемеси менен Монголия ортосунда келишим түзүлүп,  алгачкы коноктор келип эс алып кетишти. Алар «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясындагы табийгый жолдор менен көп профилдүү дарылоо ыкмалары жана андагы жашоо, эс алуу жана тамак-аштары жогорку денгээлде экендигин айтышып, бул багыттагы кызматташууларды өркүндөтүү нийеттерин билдиришкен.

Айта кетсек, буга чейин өлкө жетекчилеринин жогорку денгээлдеги жолугушууларында саламаттыкты сактоо, маданият, туризм жана ишкердик тармактарында эки тараптуу кызматташуулар боюнча пикир алмашуулар болуп, Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда туруктуу аба каттамы ачылган.

Бугунку кундо Хунна Эйр» (Монголия) авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу – жекшемби күнү жүрөт. Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

 

                                     

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© [2021] Desing by Asyluulu . Все права защищены.