«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында карылар күнү белгиленди. (ФОТО, ВИДЕО)
«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында карылар күнү белгиленди.
«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында карылар кунунө карата майрамдык салтанат уюштурулду. Ага дарылоо мекемесинде узак жылдар эмгектенип, азыр иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы ардагерлер чакырылды. Аларды санаторийдин жетекчиси Лира Касымалиева куттуктап, өз сөзүндө карыларды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элибиздин маданиятынын ажырагыс бөлүгү экендигин белгиледи. «Карысы бардын – ырысы бар». Анткени карыларыбыз – акылмандык менен үзүрлүү эмгектин символу. Алар жетишкен ийгиликтер менен ишенимдер жаштар үчүн Мекенге кызмат кылуунун, патриоттулуктун жана каармандыктын үлгүсү экенин билдирип, ардагерлерге чың ден соолук, тынчтык, узак өмүр жана жегирдүү жашоо каалады. Салтанатта улуу муундун өкүлдөрүнө сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.
Айта кетсек, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыяланган. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.Ал алгач Европа андан кийин Америка, 1990-жылдар тартып бүткүл дүйнө белгилеп келет. Анын максаты карылардын көйгөйлөрүнө көнүл буруу болуп саналат.