«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленди. (ВИДЕО, ФОТО)

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында белгиленди.
Жыл сайын 3-декабрда Эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленет. Бул күн алардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында жыл сайын бир нече ондогон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз эс алып, дарыланып турушат. Алар учун ушул жылы атайын комнаталар уюштурулган. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарттарын женилдетуулор каралган.
3-декабрь куну «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын жетекчилиги тарабынан анда дарыланып жаткан 1-топтогу майыптыгы бар жарандарга акчалай жардамдар берилди. Аны менен катар концерттик программа уюштурулду.
Айта кетсек, учурда өлкө аймагында 172 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алар жалпы калктын 2,7 пайызын түзөт.